«Кызыл камчы сынсын». Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы жөө жүрүш болуп өттү (сүрөт)

Бүгүн, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Ага жалпы жонунан 200дөн ашуун жакын активисттер катышты. Алар саат 13:00дө борбордук аянттагы Ак Үйдүн алдына чогулушуп, Чүй көчөсүн бойлой Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө жүрүш кылышты.

Иш-чарада  аялдарга карата сексуалдык жана физикалык зомбулук, кыздарды ала качуу менен мажбурлап турмуш курдуруу, келиндерди басмырлоо көйгөйлөрү айтылды. Ошондой эле бийлик тарапка аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө бир катар талаптар айтылып, коюлду.