«Кызыл-Кыя» өткөрүү пункту 3 күн жабык болот

1-декабрдан 3-декабрга чейин Кыргызстандын “Кызыл-Кыя-Автодорожный” жана Өзбекстандын “Өзбекстан-Автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктарында унаалардын өтүшү чектелет. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жолдун үстүн жаңыртуу, асфальт төшөө иштери катарлаш жүргүзүлүп жатканына байланыштуу. Мындан улам белгиленген мөөнөттө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан жүктөрдү жана транспорттук каражаттарды өткөрүү «Достук-автодорожный» өткөрүү пункту аркылуу ишке ашырылат. 4-декабрдан тарта «Кызыл-Кыя-Автодорожный» өткөрүү пункту штаттык режимде иштей баштайт.