«Кызым аны сүйүп калган экен». Көлгө боюн таштаган окуучунун апасы окуяны айтып берди

Мындан дээрлик 2 апта мурун СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан көлгө секирип, өзүн өлтүрүүгө аракет кылган кыз куткарылганын билдиришкен. 

Kaktus.media редакциясына кыздын апасы кайрылып, окуянын чоо-жайын айтып берген. Маалыматка караганда, кыз 8-класстын окуучусу. Апасынын айтымында, кызын 2-курстун студенти зордуктап салган. Окуя боюнча милиция үн катпоону убада кылышып, бирок маалыматты ЖМКларга жарыялап салышкан.

«2006-жылы туулган жигит менен соцтармак аркылуу таанышып, сүйлөшө башташкан. Кийин жигит Бишкектен Балыкчыга барып, сүйлөшүүнү улантышкан. Жигит да Ысык-Көлдүн кулуну. Башында апасы кызынын жигити бар экенин билген эмес, бирок кызынын жүрүм-туруму начарлай баштаганда жигити тууралуу билген», — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле кыздын сабактан кача баштаганы, ал жигитти сүйүп калганы жазылат. «Кызым сабактан кача баштаптыр. Мунун баары жигитинин айынан болгон экен. Кызым сүйүп калыптыр. Жигит ошондон пайдаланып, мейманканага алып барып, зордуктап салыптыр», — деген апасы. Бирок кыз апасына зордукталганын көпкө чейин айткан эмес. «Кызым тамак ичпей, арыктап баштады. Көп да ыйлачу болду. Мен аны менен сүйлөшкөн учурда, анын интимдик зонасы ооруп жатканын айтты. Ооруканага алып барайын дегенде, кызым баарын айтып берди. Милицияга чалайын дедим, бирок кызым чалсам өзүнө кол саларын айтып, каршы чыкты», — деген апасы. Ооруканадан келген соң, апасы кызынын жигитине чалган. Жигит кыз менен сүйлөшкүсү келбегенин айткан. «Мен дагы милицияга чалайын дедим эле, кызым дагы бир жолу өзүн өзү өлтүрөм деп коркутуп токтотту. Ал мени ата-энесинин үйүнө барууга көндүрдү, ал жакка бардык. Анын ата-энеси дароо акча сунуштап, урушуп кетип калдык», — деп айтып берген апасы. 

Кыз ошондон улам, өз жанын кыймакчы болгон. «Ооба, кызым арыз жазбай турууну суранды. Эки жолу үйдөн качып, кан тамырын кесип салган. Ал эми үчүнчү жолу зордукчунун ата-энеси бизди коркутуп, мындан ары зордукталганын далилдөө мүмкүн эмес деп айтып баштаганда, кызым угуп калыптыр. Ал үйдөн качып, өзүнө бычак саюуга аракет кылып, көлгө боюн таштаган. Бул окуяны милиционерлер массалык маалымат каражаттарына жарыялашты. Ошол эле учурда алар 8-класстын окуучусун зордуктоо фактысы болгонун айтышкан эмес, ошол себептен кыз өз жанын кыюуга аракет кылган», — деди ал. Апасынын айтымында, мектепте зордуктоо боюнча эч ким билбейт деп убада берген милиция кызматкерлери мугалимдерге баарын айтып беришкендиктен, азыр кыз мектепке барбай калган. Мындан улам кыздын апасы милиция адилет тергөө жүргүзөт дегенден чочулап жатканын айтты.