Таласта Жер-Үй кенинин алдына жергиликтүү тургундар митингге чыгышты

Талас облусундагы Жер-Үй кенинин алдына жергиликтүү тургундар митингге чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Талас облусуна караштуу Кара-Ой айылындагы Жер-Үй кенинин бурулушуна облустун бардык аймактарынын тургундары чогулушкан. Алар алтын кенин инвесторлор иштетүүдө канча пайызы Кыргызстандын бюджетине түшө турганын билгиси келерин айтышты. Ошондой эле чогулгандар кенди иштетүүчүлөрдөн жумуш орундарына жергиликтүү тургундарды алууну талап кылып жатышат. «Аймакта жумушсуздук күч алган. Жаштар иш издеп ар кайсыл жакта жүрүшөт», — деп билдиришкен митингчилер.

Ошондой эле чогулгандар президент Садыр Жапаров менен жолугушууну талап кылып жатышат.

Бүгүн, 17-мартта Талас облусунда Жер-Үй кенинде «Талас» алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышы болмок. Иш-чарага президент Садыр Жапаров ошол жерде, ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катышары айтылган.