Лейлек районунда «Ак-Сарай» чек ара заставасы ачылды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда кечээ, 28-май күнү Баткен облусунун Лейлек районунда «Ак-Сарай» чек ара заставасы ачылды. Аталган заставанын курулуш 2011-жылы башталып, бирок ушул убакытка чейин бүтпөй келген. Өткөн жылы курулуш иштери жанданып, кыска аралыкта чек арачыларга пайдаланууга берилгенин УКМКдан маалымдашты.

Жаңыдан курулган заставада чек арачылар үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Аскер кызматкерлерине жатакана, спорттук аянтча, балдар үчүн ойноо аянтчасы, мончо, унаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо шарты үчүн жана эң негизгиси мамлекеттик чек араны татыктуу коргоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар толугу менен камсыздалган.

Камчыбек Ташиев чек арачыларды майрам менен куттуктап, аскер кызматкерлери үчүн, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу багытында жасалып жаткан негизги жумуштар тууралуу учкай айтып өттү. Чек араны коргоодо коюлган талаптарды кынтыксыз аткаруу зарылдыгын, аны үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү жагы мамлекет тарабынан мындан ары да улантылаарын баса белгиледи.