Лейлек районуна күйүүчү май жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
“Бүгүн, 3-мартта Лейлек районундагы май куюучу жайлар 589 миң 60 литр солярка, 41 миң 750 литр Аи-80, 170 миң 600 литр Аи-92, 7 миң литр Аи-95 маркасындагы бензин менен толукталып, күйүүчү майдын жалпы запасы 808 миң 410 литрди түздү”, — деп айтылат маалыматта.
Учурда Исфана шаарындагы май куюучу жайларда кезек күткөн унаалар жок, бензин 45,5 сомдон сатылууда.
Аймакта бул күндөрү соляркага муктаждык жок, дээрлик бардык май куюучу жайлар камсыздалып, жазгы талаа жумуштары тоскоолдукка учураган жок.
Буга чейин жергиликтүү тургундар күйүүчү май жетишсиз болуп жатканын айтып, нааразы болушкан эле.