Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди

№ 26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалды. Мындай чечим 12-июлда БШКнын жыйынында кабыл алынды.

16-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. 

Буга чейинки шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалып, 40 талапкер шайлоого катышуу каалоосун билдирген. Анын ичинен 32 талапкер катталган. Шайлоого 29 талапкер катышкан. Шайлоо күнү шайлоочулардын катышуусу 13,95 пайызды түзгөн. Бул 124 миң 908 шайлоочунун 17 миң 423ү.

Автоматташтырылган башкаруу тутумунун жана кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча 35,83% добуш менен Дамира Ниязалиева алдыга чыкса, 11,88% добуш менен талапкер Улан Сариев экинчи орунда болчу.