Ленин районундагы шайлоо. Бүгүн “жымжырттык күнү”

Бүгүн, 27-майда саат 08:00дө Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдында «жымжырттык күнү» башталды.

Эртең, 28-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, ага 29 талапкер катышат.

«Жымжырттык күнү» үгүт иштерине, шайлоого катышууга же катышпоого чакырган коомдук кайрылууларга жана массалык иш-чараларга тыюу салынат.