«Лифтке кыпчылган күйөөмдүн башы илинип, буту салаңдап калыптыр» дейт жесир калган келин

Мындан бир ай мурда Бишкектин “Улан-1” кичи районунда эркек киши лифтке кыпчылып каза болгон. Биздин редакция кан жутуп турган маркумдун үй-бүлөсүнө барып көңүл айтып, кабар алдык. Аза күтүп турган маркумдун ата-энеси, жубайы ошол күндү эскеришти.

Маркумдун жубайы Нурзат Мамытова ошол кандуу окуяны эскерди. «11-январь күнү эртең менен саат 11ден өтүп, кичинекей баламды бейтапканага алып бара жатканбыз. Үйдөн чыгып эле, жолдошум лифтти чакырып, күтүп турду. Мен 4 жашар балам менен тепкич менен түшүп кеткем. 1-кабатка жете электе эле тарс деген үн угулду. Жүрөгүм башкача боло түштү. Барып лифтти карасам жабык экен. Жаман оюм жок эле, эшикте күтүп турат го деп ойлодум. Эшикте жок экен. Титиреп 4-кабатка чыктым. Чыксам эле капкараңгы лифттин полу жок экен. Жолдошумдун буту жерге тийбей, кыпчылып, салаңдап калыптыр. Мен нес болуп, чыгарып алам деген ойдо тарткыладым. Кошуналарды чакырдым. Тургундар топтолуп, жардамга келип жатышты. Бирок эч нерсе кыла алышкан жок», — деди ал.