«Маалымат чындыкка дал келбейт». Ош ШИИБ Кыйноолорду алдын алуу борборуна жооп кайтарды

Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизбей коюшканын, бул боюнча прокуратурага кайрылышканын билдиришкен. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалымат агенттиктерге берген маалыматтары чындыкка дал келбейт жана алардын мындай аракеттери түшүнүксүз. Борбордун тараткан маалыматтары ички иштер органдарынын, анын ичинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кадыр-баркына доо кетирүүнү көздөйт. Окуя боюнча айта турган болсок, кечээ күнү саат 10:30 чамасында келип, Ош ШИИБдин жетекчилиги менен жолугушууга келишкендигин айтышкан. Башкармалыктын жетекчилиги пландуу кеӊешмеде болгондуктан аларга мүмкүнчүлүк болсо, түштөн кийин келүүнү сунуш кылышкан. Борбордун кызматкерлери макул болушуп, башкармалыктан кетишкен. Убактылуу кармоочу жайга кирүү боюнча сөз болгон эмес. Бүгүнкү күнү бизге байланыштуу маалымат агенттиктерге алардын берген маалыматынын максаты түшүнүксүз. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы адам укуктарын колдойт жана коргойт. Убактылуу кармоочу кирип таанышууга жайга мыйзамдуу укугу бар уюмдарга, борборлорго бут тосуу жок жана болбойт», — дешти Ош ШИИБден.