Маданият министри Ысык-Көлдө беш лыжа базасы куруларын айтты

Кыргызстанда 2022-жылы туризмди өнүктүрүүгө 1 миллиард сом каралган. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов “Кыргызстан – лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү” кайрымдуулук фестивалынын ачылышында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, туризм тармагы чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатат жана бөлүнгөн каражат инфраструктураны жакшыртууга жана жаңы долбоорлорго жумшалат. Азамат Жаманкулов кышкы туризмди жайылтуу үчүн Ысык-Көлдөгү бир эле тоо лыжа базасы аздык кылат деп эсептейт. Ал белгилегендей, Ысык-Көл облусунда «Лыжа кластери» долбоорунун алкагында алдын ала беш объект аныкталып, анда кышкы спорт жана оюн-зоок үчүн жаңы эс алуучу аймактарды куруу пландалууда.

«Албетте, мындай долбоорлорду өлкөнүн башка аймактарында да ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз», — деп кошумчалады чиновник.