Маданият министринин 28 жаштагы жаңы орун басарынын өмүр баяны
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин резюмеси.
Ал 1994-жылы 27-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында туулган. Билими жогорку. Бишкек гуманитардык университетинин колледжинин “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги (2013-жылы); Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин “Филология” адистиги (2017 -жылы); Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясын “Мамлекеттик саясат жана башкаруу” адистиги (2021-жылы).
Эмгек жолу:
2016- 2017-жылдары - "Сентябрь" телеканалында кабарчы;
2018-2021-жылдары - Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгында башкы адис;
2021-2022-жылдары - “Азаттык Медиа” мекемеси, кабарчы.
Мамлекеттик жана жарандык кызматтын 3-даражадагы кеңешчиси.