Маданият министрлиги телеканалдарга лицензиялык контролдоо жүргүздү

Лицензиялык контролдоо «Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө» жободо жана «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамында белгиленген уруксат талаптарынын сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, жогорудагы жобонун 31-пунктуна ылайык, мурда эскертүү алган жана айып пул төлөгөн телеканалдарда мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча эреже талаптарын сактоо боюнча бузуулар аныкталган. Ушуга байланыштуу колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде төмөнкү телерадиоканалды жайгаштыруу уруксаты токтотулду: «8 канал», «РТВ Медиа», «НТВ КейДжи» жана «Домашний». «РЕН ТВ» телеканалынын берилген уруксатын жокко чыгаруу боюнча арызынын негизинде 2022-жылдын 1-январынан баштап эфирге чугууну токтотот.
Келерки жылдын январь айынан тарта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган бардык телерадио уюмдарында пландуу текшерүү жүргүзүлөт.