Мадумаров: «Айыпсыз айыпталып жаткан шордуулардын каргышы»

Кечээ, 3-июнга белгиленген Адахан Мадумаровдун Бишкек шаардык сотундагы соттук иши 7-июнга жылдырылды. Анда саясатчынын апелляциялык арызын каралмак.

Соттун имаратына келген экс-депутаттан журналисттер башкы прокурордун кызматтан кетүүсү тууралуу суроо узатышты.

«Эртеби-кечпи, баары бир кетет. Кетиши керек. Эки жарым жылга жакын убакыттын ичинде бардык иштер боюнча аталасын чыгарып бүттү. Бир эмес, жети кылмыш иши козголгон бир кишиге анын бирөө да аныкталган жок. Сотко чейин жеткен иштердин көбү тастыкталбай, далилденбей келүүдө. Саясий буйруктар көбөйүп кетти. Бийликке жакпай калгандан эмес, айыпсыз айыпталып жаткан шордуулардын каргышы катары кабыл алуу керек. Бул кетүүлөрдүн башталышы. Дагы кете турган инсандар өтө көп. Кыргызстанда мыйзамсыз иштер өтө кайнап кетти. Эми тергөө, иликтөө башталышы мүмкүн», — деди Мадумаров.