Мадумаров бүгүн кезектеги сурактан чыкты. Ал эртең да чакырылганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 24-январда Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгындагы кезектеги сурактан чыкты.

«Эртең, 25-январга саат 15:00гө суракка кайра чакырышты. Бир берилген суроого жоопту 15 жолу кайталап жатам. Кудай кааласа, чындык биз тарапта. Баары жакшы деген үмүттөбүз. Биз Жогорку Кеңешке кирбей эле ушул жакта жүрө берет окшойбуз»,
— деди Адахан Мадумаров.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан бери дээрлик күн сайын сурак берүүгө келип жатат. 19-январда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы кайрылуу таратып, протоколдун көчүрмөсүн жарыялаган.