Мадумаров сурактан чыкты. Ал саат 3тө кайра суракка кирерин айтты

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгындагы сурактан чыкты. Бул анын өткөн аптанын жума күнүнөн берки төртүнчү сурагы. Сурактан чыккан соң, бүгүн саат 3тө кайра суракка кирерин айтты.

Саясатчы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары суракка чакырылууда.

Кечээ, 17-январда Адахан Мадумаров сурактан чыккандан кийин «Мен Садыр Жапаровдун башкы прокурор болуп калганын билбептирмин» деп комментарий берген. Ошондой эле, кечээ, 17-январда президент Садыр Жапаровдун басылмалардын бирине берген маеги жарыяланган. Ал Мадумаров кол койгон протоколду чыккынчылык деп баалаган.