Бейшемби, 30.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент: «Мадумаров менен Нарматова элге акыл үйрөтөрдөн мурда өздөрү таза болушу керек эле»

13:45 17.01.2022
4
Президент: «Мадумаров менен Нарматова элге акыл үйрөтөрдөн мурда өздөрү таза болушу керек эле»

«Мадумаров менен Нарматова элге акыл үйрөтөрдөн мурда өздөрү таза болушу керек эле». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «ВБ» басылмасына берген маегинде билдирди. 

«Катуу айтсам кечирип койгула, экөөнүн тең бети калың экен. Кыргызда «Кыз боозуп, энесин коркутат» деген сөз бар. Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат? Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? «Колуң менен кылганды мойнуң менен тарт» дейт кыргызда. Коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда өзүң таза болушуң керек эле», — дейт өлкө башчысы.

Андан ары президент Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши боюнча кенен токтолгон. «Биринчиден, Адахан Мадумаровдун кол койгон протоколун мен Тажикстанга барганда билдим. Алар протоколду бетиме такап, «4 көчө боюнча маселе 12 жыл мурда протокол менен бекиген, ал жерди силер 49 жылга ижарага алгансыңар, 37 жылдан кийин узартып беришибиз мүмкүн же жабабыз, ал тилкеге кайрылып келбейбиз, башка жерлерди протоколдоштурганды уланталы» дешти. Негизи ар бир талаш жер эки тараптын макулдугу менен протоколго кол коюлуп чечилет. Эгер бир тарабы туура эмес болуп калды десе, анда кайрадан олтуруп, эки жактын тең макулдугу менен ал протокол жокко чыгарылып, башка протокол кабыл алынат. Азыр Мадумаровдун протоколу күчүндө турат.

Мен дароо эле «Адахан Мадумаровдун кол койгонго укугу жок болчу. Бул протокол жараксыз, тааныбайм, 4 көчөнү кайра карап чыгалы» дедим. Себеби эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, демаркация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Ага делимитация, демаркация маселелерине кол коюу укугун эч ким берген эмес. Эгерде биз азыр ал протоколго макул болуп койсок, анда Лейлек району толук анклав болуп калат. Мадумаров ошол мезгилде сокурлук кылганбы же анын башка материалдык кызыкчылыгы болгонбу мен аны айта албайм. Бүгүн болсо «буга чейин көптөгөн комиссия карап чыгып, алардын баары бул протоколду кыргыз тараптын пайдасына чечилген деген тыянак чыгарган, ошого карабастан мени чакырып суракка алып жатышат» деп айтып жатат. Бул сөзү менен көнгөн адатынча калп айтып, элдин башын айлантып, алдап жатат. Эч ким бул маселени буга чейин карап чыккан эмес жана бир дагы адис Мадумаровдун 4 көчөнү тажиктерге бергени туура деп баа берген эмес. Баа берилген болсо, бир адис же жөнөкөй эле көк-Таштык адам «мына мен баа бергем, биздин пайдабызгы чечилген» деп айтып чыксынчы. Эч ким айта албайт. Бул протокол менен Лейлек району толук анклав болуп калып жатса, кантип 4 көчө биздин пайдабызга чечилет? Маңкурт болуп калган эле бир кыргызстандык айтып чыкпаса, эс-акылы ордунда болгон кыргыз жараны эч качан антпейт. 4 көчө менен анын айлана-тегереги толук биздин жер болгон. Ал жерди берип коюу — бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык. Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер! Качанга чейин артымда колдоочуларым бар, алар мени жооп берүүдөн коргоп калат деп каалаган ишин жасап жүрө берет? Мындай көрүнүш улана берсе эзэли оңолбойбуз. Эртең дагы бир популист саясатчы чыгат да, «артымда элим бар» деп элдин ишенимин өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп, каалаганын кылып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын сатып, жыргап жүрө берет.

Мен бир дагы оппозициячыны кама же бошот деп айта албайм. Азыр система иштеп жатат. Ар бир орган өз ишин кылып жатышат. Кылмыш ишин таптыбы тергөөгө алышат. Эгер тергөөгө албай койсо жашырганы үчүн өздөрү жооп беришет. Билип туруп эмне үчүн тергөөгө алган эмессиң деген сурак болот. Азыр система жана мыйзамдар ушундай. Мурдагыдай «депутат экен, министр экен» деп коркуп отурушпайт. Керек болсо тергөө же сот иштерине тиешеси болсо, президент дагы барып сурак бериш керек. Кол тийбестигим бар деген түшүнүктөн кетели. Антпесек жер сатуулар, коррупциялык көрүнүштөр улана берет. Ошентип барып-барып мамлекетибиз жок болуп кетиши толук мүмкүн. Артыбызда өсүп келе жаткан жаштарга сабак болсун. Кылмыш кылдыңбы, жооп бер.

Эмнеге депутаттыкка чейин суракка алган жок десеңиз, шайлоо өнөктүгү башталып кетти. Менин оюмча, ошол үчүн Башкы прокуратура суракка алганга үлгүрбөй калса керек. Эгер ал мезгилде сурап баштаса, анда дагы «шайлоодон өткөрбөй коюштун амалын көрүп жатышат» деп айтышмак. Ар бир кылмыш иштин жооп берчү мезгили келет.

Ал эми Орозайым боюнча айтсам. Мага келген маалыматтар боюнча шайлоо өнөктүгү башталганда эле диплому жасалма деген арыздар түшкөн экен. ЖАМУга суроо-талап жиберип, жообу келгенче ушул убакка келди дешти. Негизи кылмыш кылдыңбы, эл катары жооп бер да. Ар кимден күнөө издебей», — дейт Садыр Жапаров.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 27.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Комментарийлер 4

  1. Айту Абдулаев says:
    4 года ago

    Ар бир Адам жасаган ишине мыйзам чегинде жооп бериши керек. Мыйзадуу жашоого качан келебиз? илгерки замандан чыгышыбыз керекда, мен ал кызматта бул кызматта иштейм деп каалаганын жасап таныш билиш кылып жургон жашоодон чыгалыда.

    Ответить
  2. Ташболот Амракулов says:
    4 года ago

    Эң туура айтат Ажобуз. Кылмыш кылдыңбы жооп бер!

    Ответить
  3. Кадыр says:
    4 года ago

    Прям точку .

    Ответить
  4. Салават says:
    4 года ago

    Ушу Мадумаровду кандай кишилер шайлады түшүнбөйм. Канча жерди сатты, баарын билип туруп шайлагандарына таң калам. Кайран кана КАРКЫРАМ кандай жер эле. Ошол үчүн эле пожизненно отургузуш керек. Ошондо спикерди берип, керек болсо мандатын тапшырып берип салса, рейтинги кандай көтөрүлөт эле. Кандай кадыр-барк болот эле. Кайран Адахан, Кудайым өзү карап турат ко. Жазаңды татыктуу аласың деп ишенем.

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

17:16 29.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Өзгөндөгү бала бакча боюнча министрлик үн катты

14:30 29.04.2026
Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

14:28 29.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү