Мадумаров сурактан чыкты. Эртең ага каршы Бекназаров көрсөтмө берери маалымдалды

Бүгүн, 18-январда саат 15:00дө сурак берүүгө кирген Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров сурактан чыкты. Ал бүгүн да күн бою Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгында болду. Сурактан чыккан соң эртең, 19-январга да чакырылганын айтты. Ошондой эле, эртең бул иште ага каршы Азимбек Бекназаров көрсөтмө берери маалым болду.

«Эртең жекеме жеке жолугушуу болот дешти, жолугушабыз. Бир азамат Мадумаровго сүйлөп берем деп келген экен», — деди «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери. Анын тарапташтары «Бекназаровбу деп сурашты. Мадумаров башын ийкегиледи.

Саясатчы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары суракка чакырылууда.

Кечээ, 17-январда Адахан Мадумаров сурактан чыккандан кийин «Мен Садыр Жапаровдун башкы прокурор болуп калганын билбептирмин» деп комментарий берген. Ошондой эле, кечээ, 17-январда президент Садыр Жапаровдун басылмалардын бирине берген маеги жарыяланган. Ал Мадумаров кол койгон протоколду чыккынчылык деп баалаган.