Мадумаров төртүнчү ирет сурак берүүгө кирип кетти

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына суракка чакыртылды. Бул анын өткөн аптанын жума күнүнөн берки төртүнчү сурагы.

Саясатчы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары суракка чакырылууда.

Кечээ, 17-январда Адахан Мадумаров сурактан чыккандан кийин «Мен Садыр Жапаровдун башкы прокурор болуп калганын билбептирмин» деп комментарий берген. Ошондой эле, кечээ, 17-январда президент Садыр Жапаровдун басылмалардын бирине берген маеги жарыяланган. Ал Мадумаров кол койгон протоколду чыккынчылык деп баалаган.