Мадумаровдун иши боюнча тышкы иштер министри Казакбаев суракка чакыртылды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, Руслан Казакбаев кыргыз-тажик чек арасы боюнча Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүндө сурак берип жатат. 2009-жылдын март айында Руслан Казакбаев тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Баткен облусуна барган делегациянын курамында болгон.