«Мага кысым болгон жок». Депутат Жанар Акаев сурактан чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ИИМге сурак берип чыкты.

«Факты боюнча иш козголгонун айтышты. Интернетке чыккан Курсан Асановдун үнү делген видеодо менин атым аталгандыгы боюнча кылмыш иши козголуптур. Ага кошумча маданият ишмерлеринин каты ошого кошумча болуп, кылмыш иши козголуп, ошонун алкагында сурак берип чыктым. Бирок ИИМдин тергөө кызматынын кызматкерлерине дооматым жок. Мага эч кандай басым, кысым болгон жок. Маданияттуу алып жүрүштү. Мен өз оюмду айттым. Экинчиден, маданият ишмерлери делген эжекелердин кайрылуусу боюнча дагы элди митингге үндөгөн дегени да жалган», — деди ал.

Тергөөдө 4 саат болгонун, кайра суракка чакырган мөөнөттө келип туруу милдетин алганын айтты.