«Мага эч нерсе калбайт турбайбы» деп кетти». Туманбаев дагы бир «мекенчилдин» кылыгын айтып берди

Буга чейин Азамат Марипов аттуу өзүн «мекенчил» атаган жаран Фейсбукта түз эфирге чыгып, аларды «подстава» кылганы жатканын, алар чогулуучу чайханага камера орнотушканы, камераны койгон киши президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевди коштоп жүргөндөрдүн бирине окшош экенин айткан. Марипов Туманбаевге өкүл ата болуу сунушун айтканын, Туманбаев макул болуп, тойго 13 миң доллар бергенин айткан. Мариповдун айтымында, ал сүйлөшкөн кызы менен үйлөнбөй калып, 13 миң долларды бөлүштүрүп берген.

Соцтармакта «чайханада чыккан чуу» деп атыккан чуу боюнча Каныбек Туманбаевдин түшүндүрмөсү жарыяланды. Анын түшүндүрмөсүн Президенттин иш башкаруучусунун Маалымат жана коомчулук менен байланыш боюнча сектордун башчысы Мурат Соорбеков соцтармактагы баракчасында жазды.

— Орусча айтканда «Мою доброту за слабость принимать» этти. Коркутсам эле акча берет экен деп ойлоду. Асмандан жаап аткан акча жок да. Биз иштеп жүрсөк эле “булар акчаны күрөп атат” деп ойлошот окшойт?

Былтыр, атын айтпай эле коеюн, бир мекенчилмин деген бала мага: “Бизге деле курулуш иштерин бергиле. Биз деле акча табалы” деп келди. “Ме кур” деп МИКке салынып жаткан бир курулушту сунуштадым.

Чарчы метрин 850 доллардан курам дейт. “Эй андай болбойт. 550дөн 650гө чейин гана болот. И то под ключ. Андан ашык МИК төлөбөйт десем, «мага эч нерсе калбайт турбайбы» деп кетип калды.

Президентибиз өкмөт өзүбүз курсак сапаттуу анан арзан курат экенбиз деп МИК аркылуу массалык түрдө курулуштар жүрүп жатпайбы. Ошол курулуштарды көрүп алышып ии биякта чоң акча бар экен деп ойлоп атышса керек? Өткөндө депутаттар да кыдырып көрүп кетишти. Өз көздөрү менен көргөндөн кийин аа карапайым эл үчүн жакшы иштер жүрүп жаткан турбайбы деп кетишкен.