«Мага оюнчуктун кереги жок, үйүбүз болсо деп кыялданам» дейт энеси, бир туугандары менен автобекетте жашаган бала

Бул жолу биздин телеканалга 4 баласы менен борбор калаанын батыш автобекетинин жүргүнчүлөрдү күтүү залында жашап жаткан Гүлбахор Каримова кайрылды. Каарманыбыз аларды батир ээси батирдин акчасын төлөй албай калганы үчүн чыгарып койгонун айтат. Мындан улам, ал балдарына кошуп жууркан-төшөгүн жанына көтөрүнүп автобекетте күн кечирүүдө. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0500 02 04 08.

Биз каарманыбыздын 11 жаштагы уулу менен сүйлөштүк. «Биздин үйүбүз болсо деп кыялданам. Мага оюнчуктар керек эмес, автобекетте жүргөндөн тажадым. Мен чоңойгондо кыйналгандарга жардам берем»,— деди ал.