Май айында бензин дагы эки сомго кымбатташы мүмкүн

Май айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 2 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору билдирди.

Анын айтымында, мунайдын баасы дүйнө жүзүндө жогорулап жатканы байкалууда. 2-майга карата алынган маалыматка ылайык, Brent маркасынын баррели 66,82 долларды түзүүдө. Ал Орусиянын мунай базарында да дүң наркы өсүп жатканы байкалганын билдирди. Мындан тышкары ал күйүүчү май Орусиядан экспорттук пошлинасыз, башкача айтканда, дүйнөлүк баадан арзандатылган наркта алынарын кошумчалады.

Бүгүн АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 48,5 сом, ал эми АИ-95 50,5 сом жана дизель 44,5 сомдон сатылууда.