«Майлуу-Суу лампа заводу» айнек идиштерди да чыгарат. Ишканага 1 миллиард сом бюджеттик кредит берилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйындын алкагында ишкананын ишмердүүлүгү жана айнек идиштерин чыгаруу, ошондой эле айнек эритүүчү мешти реконструкциялоо долбоорлору боюнча бет ачар сунушталды.

Белгилей кетсек, заводго 1 миллиард сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит берилип, 400 миллион сом өлчөмүндөгү биринчи транш бөлүнгөн.

«Завод керек болсо күнү-түнү, бир нече нөөмөт менен иштеши керек. Министрлер кабинети ишканага бюджеттик кредит берди жана биз насыя каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөйбүз. Шаардагы маанилүү ишкананын өндүргөн продукциясы бардык талап кылынган стандарттарга жана жогорку сапатка дал келиши керек. Завод бүтүндөй республиканы светодиоддук лампалар, ошондой эле ата мекендик өндүрүш ишканаларын сапаттуу айнек идиштер менен камсыз кылышы зарыл», — деди Акылбек Жапаров.