Майрам Акаева Кыргызстанга келди. Анын апасы 104 жашында дүйнө салды

Март окуясынан улам бийликтен куулган Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга келди. Анын апасы 104 жашында кечээ, 24-январда Талас облусунда дүйнө салды. Майрам Акаева жолдошу жок, бирок уулу Илимдин коштоосунда келгени маалымдалууда жана Кыргызстанда канча жүрөрү да белгисиз.

Буга чейин өткөн жылдын август айында Аскар Акаев Кыргызстанга келгенде жакындары жана туугандары менен жолугуп кеткен. Анын катарында кайненеси менен түшкөн сүрөтү соцтармакка жарыяланган.