Максат айылындагы жаңы эле курулган мектептин азыркы кейиштүү абалы (сүрөт)

Буга чейин Баткен облусундагы Максат айылынын бүгүн, 2-майга карата абалы тартылган видео интернетте тараганын жазганбыз. Айылды аралап тартылган тасмада бир караан жок. Анда өрттөлгөн жана талкаланган үйлөрдү, дүкөндөрдү, жакында эле курулган мектепти, имараттардын аткыланган дарбазаларын көрүүгө болот.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Жибек Бегалиева дал ошол мектептин азыркы кейиштүү абалын чагылдырган сүрөттөрдү бөлүштү. Кадрлардан билим берүү жайын талкалоодо жардыргыч зат колдонушканын көрүүгө болот. «Бул жаңы мектеп болчу. Абалы мыкты, дааратканасы ичинде болгон мектеп. Аймактарда эле эмес, чек арага чектеш жерде жылуу суусу бар мектеп болгону өтө чанда кезигет. Балким, айылдын балдары буга чейин мектебинин кандай жакшынакай экенине сүйүнүп бүтпөгөн келер», — деп жазган кабарчы.

Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев да соцтармактагы баракчасы аркылуу аталган мектеп боюнча үн катты. «Лейлек районундагы Максат айылында жайгашкан “Максат” орто мектебибиз. Бул мектепте 200-300 чейин окуучу билим алып, 20 мугалим, 12 техникалык кызматкер эмгектенип келген. Мектепти кайра оңдойбуз! Бул Билим уясында билим алуу уланат! Азыр Баткенге сапар алуудамын. Жабыркаган мектеп, бала бакчама, мугалимдериме, окуучуларыма барам», — деп жазды ал.