Максатта 220 объект талкаланган. Айылды тазалоо иштери аяктай элек

Чек ара жаңжалынан улам Максат айылында 220 объект талкаланган. Анда тазалоо иштери аяктай электигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жалпысынан бул ишке 191 куткаруучу, 17 бирдик техника тартылган. 19 турак жайдын орду тазаланып, 250 жолу ташылып, 4005 метр куб таштанды чыгарылды. Ошондой эле, Максат айылында 20 даана чатыр тигилген. Кеч киргендигине байланыштуу иш-чаралар убактылуу токтотулган. Тазалоо иштери бүгүн, 9-май күнү улантылат.