Максим Бакиевдин жер тилкелери президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөнү маалымдалды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында Максим Бакиевдин Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсү, 45 жана 45а даректеринде жайгашкан жер тилкелери кимге өткөнүн айтты. 

Анын айтымында, жер тилкелери президенттин иш башкармалыгынын менчигине өтүп кеткен. Көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалууда.