Цирктин имаратын оңдоо иштери аяктап калды (сүрөт)

Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик циркти реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Соцтармак колдонуучусу Диана Айдарова сүрөттөрүн бөлүштү. Президенттин иш башкармалыгынан журналисттерге оңдоп-түзөө иштери 98 пайызга аяктап калганын билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын июль айында Мамлекеттик циркке күтүүсүз текшерип барып, имараттын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышкандан кийин, мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде оңдоо иштери башталган. Цирк капиталдык реконструкциялоо өткөрүлгөндөн кийин ноябрда ачылары убадаланган.