Мамлекеттик экология комитети Ысык-Көлдө чет өлкөлүктөрдүн тоо текеге аңчылык кылышы боюнча комментарий берди

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет Ысык-Көл облусунда тоо текенин атылышы боюнча комментарий берди.

Комитеттин маалыматы боюнча, учурда Ысык-Көл облусундагы «Тур-Хан-Тенгри» ЖЧКсынын аңчылык жерлериндеги тоо текелердин саны 1128 башты түзөт. Бул жаныбарлардын белгилүү бир санын атууга лицензия жыл сайын берилет. Жалпысынан өлкөдө 40 миңден ашуун баш тоо теке бар. Мамлекеттик комитет Ысык-Көл облусунда чет элдиктерди аңчылык кылуу 6-10-сентябрь аралыгында болгонун тактады. Аңчылык мыйзамдуу болгон, бардык уруксаттар бар экенин билдирди. Экскурсияны уюштурган компания атканга тоо текенин популяциясын турукташтыруу үчүн уруксат берилгенин айтты.

Буга чейин соцтармактарга аңчылардын сүрөттөрү тараган. Бул коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды.