Мамлекеттик катчы: «Эл үчүн ошентип кызыл чеке болуп, «кырылышып» эле иштей бергиле!»

Каныбек Иманалиев менен Эрулан Кокуловдун кайым айтышы кадыресе эле көрүнүш. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов соцтармактагы баракчасына жазды.

«Каныбек мырза иш бөлмөсүндө билек түрүп иштеп жаткан экен, көрдүк. Эрулан мырза да ал жерге ойноп барбай, эл камын ойлоп барганын да көрдүк. Негизи мага экөөнүн кайым айтышы кадыресе эле көрүнүш! Эл үчүн ошентип кызыл чеке болуп, «кырылышып» эле иштей бергиле! Өзүңөрдүн ишиңер үчүн жаакташпагандан кийин, өлкөбүздүн эсин эки кылбай, кичүүң улуусуна кол сунуп, төш тийгизип койгула! Наркыңарга баш ийип, баркыңарды сактагыла! Жагдай Жогорку Кеңеште талкуу болчу маселе эмес деп ойлойм», — деп жазды ал.