Мамлекеттик катчы элечек кийип, тамеки тиштеп, жылаңачталган кыздын сүрөтүн тарткандарды сындады

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов соцтармактагы баракчасына элечек тууралуу жазып, аны сыйлай албагандарга чара көрүлүшү керектигин жазды.

«Кабаттап кадыры жеткен, калкынын урматы өткөн, ак элечек, ак жоолук кыргыз айымдары нарктуу журттун ак даарыган бөркү, узун жолдо улуу көчтүн көркү болгон. Жоокерчилик заманда бир эле элечектин бүктөмүн жазып жиберсе, эки баатырга ак кепиндикке жеткен, кырк конокко ак дасторкон болгон. Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Арууке, Кызсайкал, Жаңылмырза, Курманжан датка, дегеле кыргыз апаларыбыздын ыйык баш кийимдерине тап салып, асылып, жылаңачтап, чылым тарттырып, стакан карматып, аял затын бири-бири менен «жакын ымалада» сыяктантып, келекелеп коюшу акыл-эстүү адамдын, анын ичинде башы бүтүн кыргыз урпагынын кылар иши эмес! Ошол тентектерди жөнгө салып койчу жөнтөктөр чыкпайт деп ойлошобу же айбандык менен жасап жаткан иштерин эрдик көрүшөбү эмне.

Кыргыз элинин учугун жоготпой, тамырын үзбөй, өзөгүн соолтпой сактап келген ыйыктары, көкүрөгүндө Манасы, башында калпагы менен элечеги, колунда туусу менен комузу, бешиги менен мазары, көңүлүндө салты менен наркы болгон. Ушул нерселерди ыйык сактай албасак, өзүбүздү-өзүбүз басып, шылдыңдап олтурсак кандай эл болобуз…

Мындайларга мыйзам чегинде тиешелүү мамлекеттик органдар жана анын жетекчилери чара көрүүсүн талап кылам. Көркөм чыгармачылыктын кайсыл түрүн гана тутунуучулар болбосун, өз улутуна, өзөгүнө, өздүгүнө этият, дыкат жана адептүү мамиле кылууга чакырам», — деп жазды ал.