Коронавируска каршы эмдөө боюнча мамлекеттик органдардын рейтинги жарыяланды

Кыргызстанда калкты COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча иш-чаралар уланууда. Мамлекеттик кызматкерлер – министрлик жана административдик ведомстволордун кызматкерлери эмдөөдөн өтүүдө.

Республикалык штаб мамлекеттик кызматкерлерди COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча мамлекеттик органдардын рейтингин түздү. 20-сентябрга карата Билим берүү жана илим министрлигинин жана ага караштуу ведомстволордун кызматкерлери эмдөөдөн өткөндөрдүн пайыздык көрсөткүчү 90,1 пайызга жетти. Социалдык жактан жоопкер мамлекеттик кызматкерлердин экинчи катарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери (82 пайызы вакцинацияланган), үчүнчү орунда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери (77,4%) турат. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинде да жакшы көрсөткүч катталган, анда кызматкерлердин 75,9 пайызы COVID-19га каршы эмдөө алган. Инвестициялар министрлигинде вакцина алгандардын саны – 61,8 пайызды түзөт.

Экономика жана финансы министрлигинде (анын ичинде ведомствого караштуу түзүмдөрдө) 48,5 пайыз, Тышкы иштер министрлигинде – 44,8 пайызы, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында 44 пайызы, Улуттук статистикалык комитетинде 45 пайыз кызматкер эмдөө алган. Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлеринин 37 пайызы COVID-19га каршы эмделген, Улуттук банкта – 26 пайызы, Санариптик өнүктүрүү министрлигинде – 25 пайызы кызматкерлер эмделген. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (24 пайызы), Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин (21,3 пайызы), Эсеп палатасынын (21,4 пайызы), Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин (19,7 пайызы) кызматкерлеринин төрттөн бир бөлүгү вакцина алды. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин (8,8 пайызы) жана Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин (7 пайызы) вакцина алуу көрсөткүчү эң төмөн.

21-сентябрга карата COVID-19га каршы 1,3 миллиондон ашык вакцина колдонулду. Биринчи доза менен 774 миңден ашуун адам эмделген, 571 миңден ашык адам экинчи доза менен эмделди.