«Манас» аэропортуна бараткан жолдогу кырсык. Комада жаткан окуучу эсине келди

Бишкек-Манас аэропорту жолунда мектеп автобусу катышкан жол кырсыктан кийин комада жаткан 10 жаштагы бала эсине келди. Бул тууралуу журналисттерге Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди. 

«2013-жылы туулган бала комадан чыкты. Ага операция жасалып, нейрохирургия бөлүмүнө которулду. Абалы жакшы, ушул жумада үйүнө жөнөтөбүз деп турабыз”, — деп билдирди ал. 

20-апрелде Аэропорт — Бишкек жолунда жол кырсык катталганын, окуучулар бара жаткан автобусту GoBus маршруткасы сүзгөнү маалым болгон. Окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, жабыркагандардын саны 16 адам экенин билдиришкен. Саат 15:00гө карата жол кырсыгынын кесепетинен жабыркап, саламаттыкты сактоо уюмуна жаткырылгандардын жалпы саны 21 адамды түзгөн (20 бала жана 1 чоң адам).