«Манас» аэропортуна бараткан жолдогу кырсыкта жабыркаган окуучу ооруканадан чыкты

Мектеп автобусу катышкан кырсыктан улам реанимацияга түшкөн бала ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу журналисттерге Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

«Анын абалы жакшырды, биз бардык керектүү медициналык жардамдарды көрсөттүк. 20-майда ооруканадан чыгардык», — деди ал.

20-апрелде Аэропорт — Бишкек жолунда жол кырсык катталганын, окуучулар бара жаткан автобусту GoBus маршруткасы сүзгөнү маалым болгон. Окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, жабыркагандардын саны 16 адам экенин билдиришкен. Саат 15:00гө карата жол кырсыгынын кесепетинен жабыркап, саламаттыкты сактоо уюмуна жаткырылгандардын жалпы саны 21 адамды түзгөн (20 бала жана 1 чоң адам).