«Манас» аэропортуна экспресс кичи автобустар каттап баштады

«Манас» аэропортуна каттаган экспресс кичи автобустар ишин баштады. Бул тууралуу Туризди өнүктүрүүнү колдоо фондунан маалымдашты.

«Бишкек-«Манас» аэропорту-Бишкек каттамы менен жүргөн кичи автобустар жүрүп баштады. Жалпысынан 12 кичи автобус жарым саат аралык менен ташыйт. Унаалар борбордук көчөлөр менен каттап, түштүк кичи райондорунан токтойт. Экспресс менен жүрүүнүн акысы — 150 сом», — деп жазылат маалыматта.