«Манас» аэропортунун бардык системалары иштебей, 2 каттам кармалды

“Манас” аэропортунун байланыш системалары калыбына келтирилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

«Бүгүн, 29-октябрда саат 8:15тер чамасында «Манас» эл аралык аэропортунун имаратында электр чыңалуусунун кескин көтөрүлүшү катталды. Чек араны көзөмөлдөө тутумунун өзүндө эч кандай мүчүлүштүктөр болгон жок, анткени сервердик жабдуулар өзүнчө блокко орнотулган», — деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, аэропорттун байланыш системаларында көйгөй жаралган. Аэропорттогу үзгүлтүктөн улам Бишкек-​​Стамбул жана Бишкек-​​Алматы эки каттам кармалып калды. «Жарандардын өтүүсү саат 10:09да калыбына келтирилди. Жогорудагы каттамдардын жүргүнчүлөрү көзөмөлдөн 30 мүнөттүк кечигүү менен өтүштү», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.