Соцтармакта айрымдардын Жалал-Абад облусунун Манас шаары мурунку аталышын алат экен деген өңдүү маалыматтары чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов жазды.
Манас шаарынын аталышын өзгөртүү боюнча маселе каралган жок жана каралбайт. Шаар Манас деген азыркы аталышы менен эле калат.