Марат Иманкулов автоматташтырылган урнанын маалыматтары кол менен эсептөөнүн жыйынтыгына дал келбесе кызматтан кетет

Эгерде автоматташтырылган урнанын алдын ала маалыматтары добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы менен дал келбесе, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов отставкага кетүүгө даяр. Бул тууралуу ал КТРКнын түз эфиринде билдирди.

Марат Иманкулов партиялар эмне үчүн кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын күтпөй жатканын түшүнбөй жатканын айтты. «Өлкө башчысы саясий уюмдардын арасынан IТ-адистерин же технологияны жакшы билген көз карандысыз эксперттерди алып, БШК менен биргеликте иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Ал УКМКга да тапшырма берди. Тергөө жүргүзүшсүн, жыйынтыгын коомчулукка чыгарышсын. Мен кепилдик берем, ал жерде эч нерсе жок. Натыйжалар кол менен эсептөө протоколдорунун негизинде гана билдирилет. Алардын жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан болжолдуу түрдө берилип жаткан жыйынтыктарга толугу менен дал келет. Андай болбосо, эртең мен биринчи болуп келем, кечирим сурайм, алданып калдым деп, кызматтан кетем», — деди ал.