Марат Жуманалиевге мечитте жаназа окулуп жатат (сүрөт)

Марат Жуманалиевге жаназа бүгүн, 15-мартта жума намазынан кийин окулуп жатат. 

Жаназа Жибек Жолу проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишиндеги мечитте өтүүдөМилициянын кайгуул кызматы, элдик кошуун жана муфтият өкүлдөрү менен борбордук мечитте иш алып барып жатышат.

«Азия MIX» командасынын мурдагы мүчөсү Марат Жуманалиев кечээ, 14-мартта көз жумду. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, кулап кетип, башы менен катуу тийген.