Марипов жаңжалда жаракат алган жарандардын абалынан кабар алды

Премьер-министр Улукбек Марипов учурда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда жаткан, Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги акыркы окуялардын жүрүшүндө жараат алган жана жабыркаган жарандардын абалынан кабар алды.

Ал Баткен облусундагы чек ара жаңжалынын натыйжасында ар кандай оордуктагы жаракат алып жабыркаган жарандар менен маектешип, өкмөт тарабынан чек ара маселесин чечүү жана конфликтти басаңдатуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

«Өлкө жетекчилиги жабыркагандарга бардык тийиштүү көмөк көрсөтүп, жолдорду, мектептерди, жарандардын талкаланган үйлөрүн калыбына келтирет. Өкмөт Баткенге өзгөчө статус ыйгаруу маселесин кароодо. Учурда эң негизгиси – чыр-чатакты ырбатпастан, биримдик жана тилектештикти сактоо үчүн бардык күч-аракетти жумшообуз керек. Кыргыз элинин эрки ар дайым күчтүү болгон, ынтымак жана биримдик аркылуу кырдаалдан биргеликте татыктуу өтүп кете алабыз», — деди Улукбек Марипов.