Маркум чек арачынын кош бойлуу жубайы, эки баласынын аскердик бөлүктө күн кечириши боюнча депутат жардам берүүнү суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов №2022 аскер бөлүгүндө жашаган каза болгон жоокердин кош бойлуу жубайына жардам берүүнү суранды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде билдирди.

Аскер кызматкери Мирлан Ниязов 17-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Бел аймагында каза болгон. «Кош бойлуу жубайы 2 баласы менен № 2022 аскер бөлүгүндө жашайт. Маркумдун үй-бүлөсүнө бөлүнгөн үй ата-энесине өткөрүп берилди. Аскердик бөлүктө кантип жашайсың? Бул маселени кантип чечип жатасыздар?» — деп сурады депутат. 

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев үйдү Чек ара кызматы бергенин айтты. «Өкүлчүлүк бул маселени чечүүнүн үстүндө иштеп жатат», — деди ал.

Буга чейин Тажикстандын кол салуусунан каза болгон чек арачынын кош бойлуу жубайы жана эки баласы аскер бөлүктө күн кечирип жатканы маалымдалган. Жубайы Сатина Лайлиеванын айтымында, Баткендеги акыркы чек ара жаңжалында курман болгон аскер адамдарынын үй-бүлөсүнө мамлекет турак-жай берген. Бирок аларга эмне үчүн берилбей калганы түшүнүксүз. Жубайы маркум жолдошу менен нике күбөлүгү жана балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү бар экенин айткан. Бериле турган үйдү кайненеси алышы мүмкүндүгүн кошумчалаган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чек ара кызматынын басма сөз кызматына жогорудагы окуя боюнча кайрылган учурда маркум чек арачыга үй берилгенин жана аталган мекеме маркумдун үй-бүлөлүк маселелерине кийлигише албай тургандыгын билдиришкен.

Маркумдун апасынын берген комментарийинде Сатина Лайлиева уулунун экинчи никесиндеги жубайы экенин айтып берген. Ал уулун жалгыз чоңойтконун жана уулунун биринчи жубайы менен болгон никеден баласын да карай турганын билдирген. Небереси 8-класста окуй тургандыгын, Ош шаарынан берилген 2 бөлмөлүү үйдү келечекте ага өткөрүп берерин, үйдүн ага берилишин мыйзамдуу деп эсептей тургандыгын кошумчалаган.