Март айынан баштап Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципиалдык ишканасынын кызматкерлеринин маянасы 40 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз катчысы билдирди.
Ишкананын маалыматына ылайык, тазалык кызматкерлеринин маянасын көтөрүү маселесин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев колдоп көтөрүп чыгышкан.
Ошондой эле алар маянаны көтөрүүдөн сырткары, өз ишин так жана берилүү менен аткарган кызматкерлер үчүн дагы кошумча сый акы берүү чечмин кабыл алышкан. Сый акы белгиленген айлык маянанын 30 пайызын түзгөн сумма болот.