Март айында кыргызстандыктар канча күн эс алат?

Мартта Кыргызстанда эки майрам белгиленет, ошол эле учурда эки ишемби иш күнгө которулган.

8-март — Аялдардын эл аралык күнү. Нооруз майрамына карата 18-марттан 21-мартка чейин төрт күн катары менен эс алуу болот.

18, 19-март — ишемби жана жекшемби, 20-март (дүйшөмбү) 29-апрелге (ишембиге) жылдырылды. Ошондой эле 11-мартта (ишемби) 5-январдын эсебинен иш күнү болот. Ал эми 6-январдагы иш күнү 25-мартка (ишемби) жылдырылган.