Марттан баштап чет өлкөлүк жарандарга карата колдонулган «жашыл коридор» жокко чыгарылат

Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын 19-январындагы Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган миграциялык амнистиянын (жашыл коридор) мөөнөтү – 2022-жылдын 1-марты экенин эскертет.

Чет мамлекеттер менен авиа, темир жол жана автоунаа каттамдары жандандырылгандыгын эске алып, Министрлер кабинети чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган “жашыл коридорду” 2022-жылдын 1-мартынан баштап жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

«Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын аймагында ар кандай максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 2022-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттин аймагынан чыгып кетүү же Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүүгө тиешелүү документтерди (виза, каттоо) тариздөө сунушталат. Министрлик 2022-жылдын 1-мартынан тартып жирүү тартибин бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынан чыгуусу айып пул төлөнгөндөн жана чыгуу визасы таризделгенден кийин гана мүмкүндүгүн өзгөчө белгилейт», — деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган же кабыл алган адамдын, аларды каттоонун жашап туруу, жүрүү, жашаган жерин өзгөртүү укугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынан өз убагында чыгып кетүүгө документтерди жол-жоболоштуруунун белгиленген тартибин бузуусу жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.