Массалык камоо. Бишкекте кармалгандардын жакындары кайра митингге чыгышты

Бишкекте бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча шектелип кармалгандардын жакындары кайрадан митингге чыгышты. Курманжан датканын эстелигине улуу муундун өкүлдөрү чогулду.

Алар мамлекет башчысына кайрылып, жолугушууну суранышты. Кармалгандардын жакындары ишти саясий деп эсептешет. Алардын айтымында, жарандык активисттер менен саясатчылардын кармалып, СИЗОго камалышына эч кандай негиз жок.

Бул биринчи митинг эмес. 20-декабрда Панфилов атындагы сейил багынын жанына 50гө жакын адам чогулган. Алар камакка алынгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышкан.