Массалык уулануу. «Империя пиццы» тамактануучу жайына 21 миң сом айып пул салынды

«Империя пиццы» тамактануучу жайына 21 миң сом айып салынды. Бул тууралуу журналисттерге борбор калаанын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам бузуулар жөнүндө кодекстин 51 жана 150-беренесинин (милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү эрежелерин бузуу жана техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин талаптарын бузуу) негизинде жалпысынан төрт протокол түзүлгөн.

Бүгүн уулануудан ооруканага кайрылгандардын саны 179 адамга жетти. Алардын арасында 18и бала экени айтылды.