Массалык уулануу. «Империя пиццы» тамактануучу жайынын бардык түйүндөрү убактылуу жабык

«Империя пиццы» тамактануучу жайынын бардык түйүндөрү убактылуу жабылды. Бул тууралуу журналисттерге Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

«Бүгүн 17 түйүнүнүн баары массалык ууланууга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө себеби такталмайынча убактылуу жабылды», — деди ал.

Бул жайдын роллдоруна ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 85 адамга жетти. Алардын арасында балдар да бар экени маалым болду.