Массалык уулануу. Ооруканага кайрылгандардын саны 85 адамга жетти

«Империя пиццы» тамактануучу жайдын роллдоруна ууланып, медициналык мекемелерге жардам сурап кайрылгандардын саны 85 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Саат 7:30га карата Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан уулангандардын жалпы саны 85 адамга жетти. Стационардык дарыланууда бир бейтап бар, абалы туруктуу. Калгандары алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

23-24-октябрь күндөрү Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамак-аштан ууланган 12 адам, анын ичинде үч бала меджардам алуу үчүн кайрылган. Борбор калаадагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашевдин айтымында, жабыркагандар шаардын ар кайсы аймактарында жайгашкан «Империя пиццы» кафесинен роллдорду жешкен.